“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектептин тил мугалими

21 Сентябрь 2017 жыл 21:46
Көрүүлөрдүн саны: 141

      Guljan eje

Кара-Суу орто мектебинин тажрыйбалуу мугалимдеринин бири – Аджиева Гүлжан Алымбаевна.
Кесиби боюнча кыргыз тилчи, КМУнун филология факультетин аяктаган. Ал көп жылдан бери мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан балдарга билим берип келе жатат. Гүлжан эженин сабактарына окуучулар кызыгып катышат. Эже сабакты кызыктуу өтөт.
Гүлжан эже өзу ыр чыгарат, айылдагы, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышат. Эже жөнүндө медиаборбордун ыктыярчылары репортаж чыгарышкан. Гүлжан эже өзү дагы медиаборбордун ишине активдүү катышат. Чынгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев жана ошондой эле “Үркүн” темасына арналган репортаждарды чыгарууда волонтерлорго көп жардам берген жана берип келе жатат. Эженин тажрыйбасын ыктыярчылар пайдаланып, ал киши менен дайыма бирге иштешип келе жатышат.
“Ак кептер” Мультимедиаборборунун атынан эжебизге чоң ыраазычылык билдиребиз.
Эжебизди келе жаткан “Мугалимдер күнү” менен куттуктайбыз, ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 21-сентябрь, 2017-жыл, “Ак кептер”, Кара-Суу айылы.