“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Күзгү талаа иштери- жүгөрү

27 Сентябрь 2017 жыл 22:10
Көрүүлөрдүн саны: 241

Кара-Суу айылында күзгү талаа иштери башталып түшүм мол болууда. Быйыл айылда жүгөрү былтыркы жылга салыштырмалуу 2 эсе көп.

Айылда жүгөрүнү көп сепкендер атайын комбайн жалдап келишип жүгөрүлөрүн чаптырып жатышат. Айылда жүгөрү сепбегендер жокко эсе.

Кара-Суу айылынын тургундары менен маек курдук.

«Быйыл бизде жүгөрү сепкендер көп. Биз эки жарым гектар жүгөрү сепкенбиз. Жүгөрүмдү баштай элекмин Комбайнди күтүп жатам, келсе чаптырам»,- деди Мамбеткулов Темир.

«Быйылкы тоок жылы жакшы түшүмдүү жыл экен. Жүгөрүнүн түшүмү жакшы. Биз 3 гектар жерден 15 тонна жүгөрү алдык. Жүгөрүнү комбайн менен чаптырдык. Анткени кол менен иштөөгө кыйын болуп калат экен. Азыр болсо жүгөрүнү кырманда арчып тазалап жатабыз»,- деди Ибрагимова Махабат.

Мына ушинтип дыйкандар түшүмдөрүн алып кышкыга камданып жатышат.

Даярдаган: Азирет Туратбеков, 2017-жыл 27-сентябрь «Ак кептер».