“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Сууда карылар күнү белгиленди

2 Октябрь 2017 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны: 64

      Karylar kunu - 2017

2017-жылдын 2-октябрында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу айылынын карыларына кичине майрам уюштурулду, айылдын аксакалдарына окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерт жана чай берүү уюштурулду. Айыл өкмөттүн кызматкерлери Беркутова Айгул – жооптуу секретарь, Жамгырчиева Элмира – социалдык кызматкер, Шабырбаева Мунара келишип, айылдын карыларына каалоолорун айтып, куттуктап, чай уюштуруп беришти. Ал эми Кара-Суу орто мектебинин окуучулары тарабынан карылар үчүн концерт уюштурулду.
Карыларыбыз уюштуруучуларга өз ыраазычылыгын билдиришип, рахмат айтышты.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 2-октябрь 2017-жыл, “Ак кептер”, Кара-Суу айылы.