“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ставропол айылындагы ФАП

26 Декабрь 2017 жыл 20:02
Көрүүлөрдүн саны: 81

Жайыл районунун Ставропол айылында АРИСтин катышуусу менен 2017-жылы Ставропол айылына жаңы фельдшерлик акушерлик жайдын (ФАП) имараты курулган эле.Мурун ФАП Айыл өкмөтүнүн имаратынын ичинде эле. Медайымдын иштешине жана орулууларга бир топ ыңгайсыздык жаратчу. Айыл тургундарынын, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жана АРИС тин кызматкерлеринин катышуусу менен айылга ФАП тын имаратынын курулуш долбоору ишке ашты.
Мына ушул ФАП тын имаратынын курулуш долбооруна АРИСтин кызматкерлеринин салымы жана ошондой эле Кара-Суу айыл өкмөтүнүн(Дженбаева Н.Е.)кызматкерлери менен Ставропол айылынын тургундарынын салымы зор.
ФАП та 22 жылдан бери Ставропол айылынын тургуну Шакирова Чынара Макеналиевна медайым болуп иштеп келе жатат.
ФАПтын иши, жаңы имарат кандай болуп салынгандыгы тууралуу, анын ичиндеги кааналар тууралу Чынара Макеналиевна айтып берди.
ФАП та фельдшердин кабинети, процедуралык кабинет, наристелерди кабыл алуучу кабинет жана туалети бар. Кире бериши кенен.
Жаңы имараттын салынышы ФАП тын иштешине бир топ жеңилдиктерди алып келди, ысык жана муздак суу бардык кабинеттерде
бар. Бөлмөлөр кенен ичи жарык, медайымдын иштешине абдан ыңгайлуу болуп салынган экен.
«Ак кептердин» атынан ФАП тын кызматкери медайым Шакирова Чынара Макеналиевна эжебизди «конуш жайлуу болсун» демекчибиз, ишиңиз ийгиликтүү болуп, эл үчүн кызмат кылып, жүрө бериңиз.
Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзаада, Чакчагаев Султаналы,»Ак кептер», Кара-Суу айылы, 26.12.2017-жыл.