“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылында дагы бир долбоор ишке ашты

11 Январь 2018 жыл 1:41
Көрүүлөрдүн саны: 39

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын Кара-Суу орто мектебинин ашканасына ремонт иштери жүргүзүлүп, жаңы ашкана эмеректери сатылып келди.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа Елибаевнанын айтуусу боюнча: “Бул Швейцариялык проект, долбоорду Бишкектеги «Өнуктүрүү саясаты» институту ишке ашырды.
Мектептин ашканасын ремонттоого 780 миң сом, ал эми ашкана эмеректерине 380 миң сом каралган. Долбоор боюнча 10% ти айыл өкмөтү жана айылдын жамааты каржылады – бул 108 миң сом.
Ашкананын ремонтуна тендер жүргүзүлдү. Тендерди Кара-Балта шаарында жайгашкан “Азия ВИН Транс” аттуу ишкана утуп, ремонт иштерин жүргүздү.
Бул долбоорду ишке ашырууда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа Елибаевна жетектеген коллектив жана ошондой эле долбоордун башынан аягына чейин катышып, ишке ашыргандардын бири Кара-Суу орто мектебинин мугалими – Каралаева Марипа.
Өнүктүрүү саясаты институту, айыл өкмөтүнүн төрайымы, кызматкерлери жана айыл тургуну, мугалим Каралаева Марипа жана айыл тургундары катышкан Швейцариялык чоң долбоор ишке ашып, Кара-Суу орто мектебинин ашканасы ремонттолуп, жаңы ашкана эмеректери менен камсыз болду.
“Ак кептердин” атыныан бул чоң долбоорго катышып, жана аны ишке ашырган инсандарга ыраазычылык билдиребиз, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз. Бара бара, мына ушундай ашканадан, мектеп балдарына ден соолукту чындай турган, жагымдуу тамактар берилет деп ишенебиз.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, Бейшенбекова Гүлзада, “Ак кептер”, 11.01.2018-ж., Кара-Суу айылы, Жайыл району.