“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айыл тургуну, Мария апага, үй салынып берилди

12 Январь 2018 жыл 18:00
Көрүүлөрдүн саны: 161

“Ак кептердин” мурунку чыгарылыштарында айылдын тургуну Исаева Мария апанын жашоо-турмушу, үй жайы тууралуу репортаждарды чыгардык эле. Анда Мария апанын үйү кулап кала тургандыгы тууралуу айтып, ким бул апага жардам берет деп, суроо койдук эле.
2017-жылдын күзүндө Исаева Мария апага эки бөлмөлүу кичине үй салынып берилди.
Мария апага жардам бергендерди айта кетсек: Кара-Суу айыл өкмөтү, Жогорку Кеңештин депутаты Исаева Динара Шерматовна, ишкер Кадыркулов Роберт Жумабекович жана Кара-Суу айылынын жаштары.
Динара Шертаевна Исаева 50 миң сом бөлүп берсе, Кадыркулов Р.Ж. цементин алып берди, ал эми айылдын, Турсуналиев Талант жетектеген, жаштары үйдү тургузуп беришти.
Ошентип, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн уюштуруусу менен Исаева Мария апанын бир чоң түйшүгү чечилди.
“Ак кептердин” атынан айыл тургунунун чоң көйгөйүн чечкенге катышкан биздин жарандарга чоң ырахмат айтып, ишиндеги ийгиликтерди, ден соолукту каалайбыз. Дайыма бар болуңуздар!

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, Бейшенбекова Гулзада, “Ак кептер”, 12.01.2018-ж., Кара-Суу айылы, Жайыл району.