“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Россиядан жумуш издегендер

7 Февраль 2018 жыл 20:22
Көрүүлөрдүн саны: 109

Миңдеген Кыргызстандын жарандары бир топ жылдан бери Россияга барып иштеп, кайра келип, кайра кетип жатышат.
Мисалы, биздин айылдан да бир топ кыз-келиндер, үй-бүлөлү жаштар балдарын чоң эне, таенесине таштап коюшуп, Россияда, Турцияда эмгектенип жүрүшөт.
Көпчүлүгү үй кызматкери, ашканада, дүкөндөрдө сатуучу, көчө тазалоочу болуп иштеп келип жатышат.
Биздин айылдан Исманкулова Наргиза да, күйөөсү менен, Россиянын Сургут шаарына барып иштеп келишти.

Наргизанын айттуусу: “Биз Сургут шарына барып иштеп келдик. Ал жакта аябай суук экен.

Мен ал жакта мектепте, ашканада,

иштедим, 7 ден 3 кө чейин. Иштесе болот, бирок өз мекениңдей болбойт экен, бөтөн жер дегендей, абасы нефть жыттанат, сууну болсо сатып ичесиң. Айлыгым 20 миң рубль болчу. Күйөөм болсо “дворник” болуп иштеди.

Россияга барып келүү оңой эмес. Баратканда самолет менен учуп бардык, кайра болсо автобус менен Казакстан аркалуу, эки жарым суткада, келип калдык
Азыр болсо айылда элебиз.”
Даярдаган: Анвар кызы Айзада, “Ак кептер”, 7.02.2018-жыл.