“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ак кептер» ЖМБ сы

13 Февраль 2018 жыл 20:40
Көрүүлөрдүн саны: 91

Жайыл районунун Кара-Суу айылында “Ак кептер” аттуу мултимедиаборбор жайгашкан. Бул жамааттык медиаборбор 2013-жылы февраль айында ЮНЕСКОнун жардамы менен ачылып, ишке кирди. Борбордун координатору-Чакчагаев Султаналы-Кара-Суу орто мектебинин мугалими. Ал эми борбордо волонтер болуп, мектептин окуучулары иштешет. “Ак кептер” Республикабыздагы жамааттык медиаборборлордун арасында алдыңкы орундарда келе жатат.

      Ak kepter. BDR kunu

“Жамааттык медиаборбор ачыгандан бери иштеп келе жатам. Мен үчүн бул борбордо иштөө кызык. Көп нерсени үйрөндүм. Билгендеримди волонтерлорго үйрөтүп турам.

Далай конкурстарга катышып, алдыңкы орундарды алдык. Медиада иштеген волонтер балдарыбыз Ысык Көлгө барып, эс алып, окуп келип жатышты. Кнатова Айдана, Медина Сатыбекова жана Элзат Жумабаев деген балдарыбыз сынактарга катышып, телефондорду утушту.
Азыр борбордо 7-8-10-класстын балдары волонтор болуп иштеп жатышат. Алар: Жусупова Саида, Алымбекова Канышай, Жаныбекова Нурайым, Назик Данияр кызы, Элиза Данияр кызы, Азаркулов Сыргак, Айзада Анвар кызы, Бейшенбекова Гүлзада.”

“Ак кептер” айылдын бала бакчасына, мектепке колдон келишинче жардам берип келе жатат.
“Биздин бакчага да ар кандай буклеттерди чыгарып берип турушат. Ар кандай маалыматтарды, жалаң эле бизге эмес, айыл тургундарына радиорубка аркылуу жеткирип турушат. Жумуштары ийгиликтүү болуп келе жатат. “Ак кептерге” ийгиликтерди каалайм-“,дейт бакчанын жетекчиси Айша Бекматова.
“Биздин айылдын балдары “Ак кептерде” айылдын балдары волонтер болуп иштешет. Алар жаңылыктарды жазганды үйрөнүштү. Менин балам да, Туратбеков Азирет, иштеген. Ал медиаборбордо иштегенде көп нерсени үйрөндү. Айыл тургундары тууралуу кыска метраждуу документалдык кино тартып чыгарды”,-дейт Капсаламова Света.

“Мен, Үсөнканов Бейшенбек, Кара-Суу айылынын тургуну. Медианын ачылганыны 5 жыл болуп калды, ачылгандан бери балдарыбыз көп нерсени үйрөнүштү. Жаңылыктарды жазып, айылдын турмушу менен угуучуларды тааныштырып жатышат. Менин кызым Гүлзада Бейшенбекова да медиада волонтер болуп иштеп келе жатат”-, дейт волонтерубуздун атасы.

“Мен, Бейшенбекова Гүлзада, “Ак кептерде” 4 жылдан бери иштеп келе жатам. Эсте каларлуу ийгиктеримди эстесем – Ысык Көлдөгү Дойче Велле уюштурган журналистика мектебине катыштым. Журналитика боюнча көптөгөн жакшы нерселерди уйрөндүм. “-, волонтер.
Баардыгыңыздарды 13-февраль-Бүткүл дүйнөлүк радио күнү менен куттуктайбыз!!!
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 13-февраль, “Ак кептер”.