“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

15-февраль-Совет аскерлеринин Афганистандан чыгуу күнү

14 Февраль 2018 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны: 39

15-февраль –биздин тарыхтагы эң бир эсте каларлык күндөрдүн бири. Бул күнү Советтер Союзу өз аскерлерин Афганистандан чыгарган. Бул согушта миңдеген балдар каза болушту, ата-энелер кайгыга батышты.

Жайыл районунун Кара-Суу айылында Афган согушуна катышып келген эки ардагер жоокер бар. Алар: Оңолбаев Самудин жана Урмат Астаркулов.

Бүгүн Кара-Суу орто мектебинде окуучуларды тарбиялоо катары ардагер жоокерлер менен жолугушуу уюштурулду.
Балдар Афган жоокерлерине арнап, чакан концерт тартуулап, ардагерлер болсо Афганистандагы согуш тууралуу айтышып, мекенди коргоого дайым даяр болгула деп, окуучуларга, жаштарга кайрылышты.

Окуучулар жана мугалимдер ардагерлерге ден соолук жана ийгиликтерди каалашты.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 14-февраль, “Ак кептер”.