“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Аукцион

25 Февраль 2018 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны: 99

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында Айыл өкмөтүнүн имаратында ФПС тин арендага берилүүчү жерлери аукционго коюлуп, Кара-Суу айыл аймагынын тургундары жана башка жарандар аукционго катышышты.
ФПС тин жерлери аукционго беш жылда бир коюлат экен. Кээ бир жарандар ФПС тин жерлерин 20 жылдан бери арендага колдонуп, иштетип жатышыптыр.

Эми болсо айыл тургундарынын көпчүлүгү: “Биз дагы бул жерден колдонобуз, аукционго катышабыз”,- деп, даттанышып, Жайыл районунун Мамлекеттик Каттоо Кызматы жана Кара-Суу Айыл Өкмөтү, Айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусу менен 16-февралда, Ставропол айылында, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратында жарандардын катышуусу менен аукцион өткөрүштү.

Кара-Суу айылынан эле аукционго катышканы 77 киши барган экен.
Аукциондо негизинен ФПС тин жерлерин арендага алыш үчүн Кара-Суу айылынын тургундарынын ортосунда таймаш жүрдү.
ФПС тин сугат жерлеринин гектарынын арендасы 1200-1300 сом. Аукциондо Акматов Кадырбектин арендага алып жүргөн 8 гектар жеринин арендасы 64000 сомго чейин көтөрүлүп кетти.

Аукцион да өтөт, ал эми дыйкандар аукционго катышып, көтөргөн налогду төлөөдө кыйналып калбайбы деген суроо туулат, анткени жер иштетүү бул өтө татаал жана каражатты көп талап кылат. Налог төлөөгө келгенде эле чыр чатактар башталат.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы