“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылды электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу

15 Март 2018 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны: 85

Мекенибиздин айылдарын кышында электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу чоң көйгөйлөрдү түзөт.Быйылкы кыш айылда кандай өткөндүгү туралуу,биз сиздерге айтып берели деп чечтик.

      Elektr suu kysh

Анда эмесе биринчи сөздү айылдын башчысына берсек.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын башчысы Алиев Төрөбек: “Кара-Суу айылында свет жана суу жагынан эч кандай кыйынчылык болгон жок. Буйруса кыштан аман- эсен чыктык.”
Чын эле айыл башчысы айткандай кышта айылды свет жана суу менен камсыз кылуу жакшы болдубу? Ошо туралуу “Ботөкөз булак” бакчасынын башчысынан жана мектептин от жагуучу жайынын оператору Алгожоев Романдан уксак.

“Мен “Ботөкөз булак” бала-бакчасынын башчысы Бекматова Айшагүл Сайдиновна. Быйылкы кыш мезгилинде биздин бала-бакча тынымсыз иштеп жатты. Бала-бакчада свет жана суу өчкөн жок. Ошого байланыштуу биз үзгүлтүксүз иштеп жаттык. Күндүн суугуна карабай бала-бакча иштеп жатты”.

“Быйылкы жакшы болду свет өчкөн жок. Мектептин котелнийи жакшы иштеп, мектеп жылуу болду. Быйыл суук абдан катуу болду 33-35 градуска чейин суук болду.Котелний да күнүгө иштеп турду. Ошондуктан мектеп, бала-бакча жылуу болду,-дейт, Алгожоев Роман.

Эмки сөздү айыл тургундарына сунсак.
“Саламатсыздарбы мен Кара-Суу айылынын тургуну Капсаланова Света.Бизде кыш аябай катуу болду, бирок ошонун баарын көтөрүп кыштан чыктык. Кыш катуу болсо да үйүбүз жылуу болду. Дагы айта кетерим РЭС тин кызматкерлерине чоң рахмат, светти да сууну да өчүрүшкөн жок”.
“Мен, Азаркулов Нурадил Саткынбаевич, Кара- Суу айылынын тургуну болом. Быйыл каар калың жаады былтыркыгы караганда,суук катуу болду. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип турду.Бузулуп калса тез-тез оңдоп коюп жатышты. Эч кандай кыйынчылык болгон жок свет өчкөн жок.”

“Мен, Ашырбаева Кымбат, үй кожейкесимин. Быйыл кыш суук болду. Себеби биз Кыргызстандын түндүгүндө жашайбыз, Казакстанга жакынбыз. Эгер свет өчүп калса суусуз калабыз, себеби суу электр насосу менен артезиандан сорулат. Кышында суук болсо дагы свет жана суу өчкөн жок. Ошондуктан биз кыштан жакшы чыктык. Светти камсыз кылган РЭС тин кызматкерлерине чоң рахмат”.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 15-март, 2018-жыл.
Мыкты макала жана кызыктуу макала сынагы үчүн.