“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ак кептердин» фотокөргөзмөсү

16 Март 2018 жыл 14:03
Көрүүлөрдүн саны: 90

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборбору алдыда келе жаткан Нооруз майрамына айыл тургундары менен бирдикте даярдык көруп жаткан чагы.

Нооруз майрамына арналган радиорепортаждар, куттуктоолор күн сайын радиорупор аркылуу берилип жатат. Волонтерлор Ноорузга кандай даярдык болуп жаткандыгы тууралуу интервьюларды алып, аудиорепортаждарды даярдоонун үстүндө иштеп жаткан кези.
“Ак кептер” жамааттык медиаборбору (ЖМБ) айылдын мектебине, бакчасына жана тургундарга колдон келген жардамын берип келе жатат.
Жакында “Ак кептер” ЖМБ Нооруз майрамына арналган фотокөргөзмө уюштурду.

Көргөзмө Кара-Суу айылында болуп өткөн Нооруз майрамы кандай майрамдалып жатканы тууралуу баяндайт.
“Ак кептер” жамааттык мультимедиаборбору Кыргызстандын баардык Жамааттык Медиаборборлорунун координаторлорун, волонтерлорун келе Нооруз майрамы менен куттуктап, иштериндеги ийгиликтерди каалайт.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 16-март, 2018-жыл.
Кызыктуу макала сынагына.