“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы ишенбилик

20 Март 2018 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 81

21-мартта мекенибизде Нооруз майрамы майрамдалат. Бул күнгө карата Кара-Суу айыл аймагында 20-март күнү ишенбилик деп, жарыяланып, Кара-Суу айылынын тургундары бул чоң майрамга даярдык көрүп, айылдын көчөлөрүн, мектептин тегерегин, үйлөрдү тазалап жаткан чагы.
Айылдын тургундары: Усөнканов Айылчы, Ибраимов Замир, Молдобеков Изат үй жайларынын тегерегин жана көчөнү тазалашып, майрамга жакшы даярдык көрүп жатышат.
Кара-Суу орто мектебинин жамааты да мектептин территориясын тазалап жатат.
Кээ бир дыйкандар жазгы себүүгө даярдык көрүп, үрөндөрүн тазалашып жатышат.
Эртеңки майрамды айыл тургундары тосууга даяр.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза, 20-март 2018-жыл.