“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Эртең Нооруз

20 Март 2018 жыл 21:38
Көрүүлөрдүн саны: 106

      Nooruz-18 dayardyk

Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамын тосууга чоң даярдык көрүлүүдө. Бүгүн айылдын ичи тазаланып, майрамды уюштуруучулар эртеңки күнгө кам көрүп, Боорсок жасап, мал союшуп, салат, таттууларын жасашып, даярдык көрүшүүдө.
Майрамды уюштуруучулардын бири Калыбек уулу Касымдын айтуусу боюнча мал союлуп, эт бышырылып жатат. Кыз-келиндер боорсок,салат жана башка даамдарын жасашып, эртеңки майрамга кызуу даярданып жаткан чагы.
Солто уруусунун келиндери Мусокожоева Жийде жана Турсуналиева Аида да келиндердин майрамга карата даярдыгы жакшы экенин айтышып, буйруса эртең конокторду жакшы тосуп ала тургандарын айтышты.
Ошентип, Кара-Суу айылынын тургундары Нооруз майрамын тосконго чоң камылга көрүп жатышат.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 20-март, 2018-жыл.