“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

24-март — Эл аралык туберкулёз оорусу менен күрөшүү күнү

22 Март 2018 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны: 218

24-март – Эл аралык туберкулез (кургак учук) оорусу менен күрөшүү күнү

“Соңку учурларда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат. Жылына бул дарттан 600гө жакын киши каза табат.
Республикада кургак учук менен ооругандардын саны Чүйдө жана Бишкекте көбүрөөк байкалат. өлкөдө социалдык-экономикалык кырдаал курчуп, миграция өсүп жаткандыгы бул оорунун кулач жайышына таасир этүүдө. Кургак учук менен ооруп калгандардын санын азайтуу жаатында ак халатчандар көптөгөн иштерди жасап жатышат
2013-жылдын башына Кыргызстанда 5674 жаңы башталган туберкулез оорусу катталган. Ошондой эле жаш балдар арасында 2011-жылга салыштырмалуу 15пайызга өскөн.
КРнын мыйзамына ылайык кургак учук менен ооруган оорулуу бекер дарыланууга укуктуу. Ошондой эле оорудан айыкпай каза болгондордун саны 2011-жылга карата азайган”,- деп айтылат интернет булактарында.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын медайымы Турсуналиева Венеранын айтуусу боюнча Кара-Суу айылында эки адам кургак учуктан дарыланышат. Алардын райондук поликлиникага барып турган жол киреесин Айыл өкмөтү төлөп берип турат. Дарылары бекер берилет.

Оорулуулар алты айга чейин дары ичишет. Эгерде жакшы болуп кетишсе дары берүү токтотулат, жакшы болбосо дары берүү бир жылга чейин узартылат. Эгерде дарыны үзгүлтүккө учуратпай өз убагында ичип турса, анда ал адам бул оорудан айыгып кетет.
Туберкулез оорусу – бул жугуштуу оору. Бул ооруга адамдын өпкөсү, сөөгү жана башка органдары чалдыгат. Ошондуктан, мен айыл тургундарына кайрылат элем – “дайыма таза жүрүңүздөр, өздүк гигиенаны сактаңыздар ошондо гана бул жугуштуу ооруну биз жеңебиз”.
Ооба, бул оору өтүшүп кетсе аны дарылоо көп убакытты талап этет, ошондуктан эгерде өзүңүздү көп жөтөлүп, жаман сезсеңер ФТИЗИАТОР го кайрылыңыздар. Фтизиатор-бул туберкулезду дарылоочу врач.

Даярдаган:Чакчагаев Султаналы, 22-март,2018-жыл.