“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жазгы талаа иштери

17 Апрель 2018 жыл 13:43
Көрүүлөрдүн саны: 133

Жайыл районунун Кара-Суу айылында жазгы талаа иштери аяктап бара жатат. Дыйкандар жерлерине арпа жана кызылча эгип аяктайын деп калышты. Март айынан баштап айылдын дыйкандары эгин сееп башташкан. Мына эми тургундардын айтуусу боюнча биздин айылыбызда 600-700гектардай арпа себилди. Жана ошондой эле 30 гектардай кызылча себилди, айырымдары дагы эле себип жатышат.
Мисалга алсак:Чакчагаев Чынгыз 20 гектар арпа жана 3 гектар кызылча септи. Дүйшөнкуловтордун үй бүлөсү 150 гектардай арпа эгишти жана кызылча сепкенге даярдык көрүп жатышкан учуру. Айрымдары былтыр беде сееп, быйыл жамгырдын көп жааганына байланыштуу эң сонун болуп өсүп чыкты, чөптүн түшүмү мол болот.
Май айынын орто ченине чейин жүгөрү себиле баштайт, анткени жүгөрү сепкендер арбын. Жүгөрү малга жакшы тоют, ошондуктан айылдыктар бул өсүмдүктү көп себишет, аны сатса да жакшы пайда көрөт.

?


Быйылкы аба ырайы дыйкандар үчүн эң соонун болуп жатат. Түшүм мол болот окшойт.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүльзада, Анвар кызы Айзада, 17.04. 2018-ж.