“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдын активдүү инсаны

19 Апрель 2018 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны: 73

“Ак кептердин” бир далай репортаждары Кара-Суу айылынын тургуну Ажиева Гүлжан эженин катышуусу менен чыкты эле. Эжебиз айылда аялдардын арасынан ыр чыгарган жалгыз инсан.

      Guljan 3

Ажиева Гүлжан Кара-Суу айылындагы аялдардын активдүүлөрүнүн бири. Ал киши Кара-Суу айылында жамааттык медиаборбор ачылгандан бери борбордун ыктыярчылары менен кызматташып, волонтерлорго кеп-кеңешин берип, келе жатат. Эженин катышуусу менен “Ак кептердин” Үркүнгө арналган бир топ аудиорепортаждары жарык көрдү, алар: Аалы Токомбаев “Кандуу жылдар”. Мукай “Узак жол” жана ошондой эле акын эжебиздин мекен, эне тили жөнүндө чыгарган ырларын жаздырып, айылга радиорупор аркылуу берип турабыз.Гулжан эже биздин айылыбызда жаш чагынан бери Кара-Суу орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип келе жатат. Ал Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факултетин аяктаган. Мына ошондон бери далай бүтүрүүчүлөрдү мектептин уясынан учурду. Окуучулары мекенибиздин ар кайсы жерлеринде иштеп, окуп жатышат.
Даярдаган: Жусупова Саида, Дүйшекеева Сезим. 19.04.2018-ж.