“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Алиппе майрамы

27 Апрель 2018 жыл 17:03
Көрүүлөрдүн саны: 185

Апрель айынын аягында мекенибиздин мектептеринде, 1-класстарда, “Алиппе майрамы”өткөрүлүп жаткан убагы. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да “Алиппе майрамы” болуп өттү.
Быйыл Кара-Суу орто мектебинде 1-классты 14 окуучу аяктап жатат. Класстын жетекчиси Насыранбекова Маруфат “Алиппе майрамына” жакшы даярдыктарды көрүп, ата-энелерди, мектептин мугалимдерин бул майрамга чакырып, классынын “Алиппе” китебин окуп, аяктаганы тууралуу жыйынтыктоочу сабак өттү. Окуучулар майрамдагыдай кийинишип, ата-энелердин, мектептин мугалимдеринин астында “Алиппе” китебинен үйрөнгөн тамгалары тууралуу айтып, жаттаган ырларынан окушуп, чакан концерт коюшуп, жыйынтык сабак сыяктуу эң сонун ачык сабак көрсөтүп, ата-энелерди жана мугалимдерди ыраазы кылышты. Ошондой эле жогорку класстын окуучуларынын жардамы менен даярдалган 1-класс тууралуу слайд көрсөтүлдү.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза, 26-апрель, 2018-жыл.