“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Сугатка даярдык

28 Апрель 2018 жыл 23:01
Көрүүлөрдүн саны: 92

Жайыл районунун айылдарында дыйкандар сугатка даярдык көрө башташты. Кара-Суу айылынын тургундары айылдагы лотокторду оңдоп башташты.
Айылдагы лотоктор 20-кылымдын 70-жылдарында салынып, Кара-Суу жана Степное айыл аймактарынын жүздөгөн гектар жерлери сугарылып келген. Азыркы учурда бул лотоктордун көпчүлүк жерлери иштен чыгып, убакыт өткөн сайын сугарганга жарабай калган жерлери көп. Айылдан ылдый жагындагы жерлердин ээлери: Акматов Мурат, Колбаев Мирбек, Болотов Замирбек жана башка бир топ дыйкандар чогулушуп алып, лотоктордун бузулган жерлерин оңдоп башташты.
“Бул лотоктор менен сугарган абдан ыңгайлуу, суу тез келет. Бирок убакыт өткөн сайын бул бетон арыктар бузула баштады. Эртерээк чара көрүп, баардыгын кайра оңдош керек, антбесек чөң көйгөй жаралган турат”,-дешет дыйкандар.
Ооба,айылдын лотокторунун көп жерлери иштен чыкты, жарабай калды. Жарабай калган жерлердин жээги менен арык тилишип, сугарып жаткандар да бар.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 28-апрель, 2018-жыл.