“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Дыйкандар иш үстүндө

22 Май 2018 жыл 20:46
Көрүүлөрдүн саны: 123

Айылыбызда дыйкандардын көбү кызылча сееп, азыркы убакта биринчи оттоосун бүтүштү, кээ бирлери отоп жаткан убак.
Кызылчаны себип чыга электе дары чачтырып койгон жерлеринде чөп аз. Кечирээк дары чачтырып койгон жерде чөп чыгып кетип жатат. Кара-Суу айылында кызылча сепкендер арбын. Өздөрү отоп жетишпегендиктен киши жалдап иштетишет. Киши башына 500 сом акы төлөнөт. Чоң кичине дебей күнүнө 500 сом алышат.
Унаасы бар дыйкандар Кара Балтадан киши алып келип иштетишет. Иштөө убакыты таң эрте саат 8:00дон баштап кечки 17:00го чейин. Арасында саат сайын эс алууга берилген 10минутадай убакыты бар.
Ал эми жүгөрү сепкен дыйкандардын жүгөрүлөрү чыгып калды. Жаз жаандуу болуп дыйкандардын сепкен эгиндеринин чыгышына чоң түрткү берди.
Кээ бир дыйкандар арпа, буудай жүгөрүлөрүн отоо чөптөрдөн даарылап жатышат. Айылыбызда талаа иштери кызуу жүрүп жаткан убак.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 22.05.2018-жыл.