“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Окуу жылы аяктады

25 Май 2018 жыл 16:06
Көрүүлөрдүн саны: 99

25-Май 2018-ж. Мекенибиздин бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо майрамы болуп өттү. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде дагы бул күнгө арналган салтанаттуу майрам болуп өттү.
Кара-Суу айылы чакан айыл. Бүтүрүүчүлөр болгону жети окуучу. Бирок ошого карабастан Акыркы коңгуроо майрамы салтанаттуу, кызыктуу өттү. Бул майрамга Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа жана Жайыл районунун өкүлү келип катышышты. Айыл өкмөттүн төрайымы өз сөзүндө бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, Кара-Суу орто мектебинин жамаатына айыл аймагынын коомдук иштерине активдүү катышып жаткандарын белгилеп, өз ыраазычылыгын билдирди.
Мектеп директору Алиева Нургүл бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, грамота , сыйлыктарды тапшырып, окуучуларга “ак жол” каалады. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо өзүлөрү даярдаган чакан концертин көрсөтүшүп, мугалимдерге өз ыраазычылыктарын айтып, акыркы коңгуроону кагышты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 25.05.18.