“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Долбоордун пайдасы

28 Май 2018 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны: 81

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставропол айылдарында сугат иштерине даярдык көрүлө баштады. Өнүгүү саясаты институтунун (ИПР)долбооруна катышып, утуп алган “Беларус” үлгүсүндөгү атайын трактор иштей баштады.
Кара-Суу айыл аймагынын өкмөтунун администрациясы 2017-жылы (ИПР) Өнүгүү саясаты институнун долбооруна катышып, өкмөттүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутатттары активдүү иштешип, тренинг, семинарларга катышышып, долбоорлорду жазышып бир топ иш аткарышты. Айылдык өкмөттүн төрайымы Дженбаева Насипанын айтуусу боюнча ”бул атайын тракторду биздин кызматкерлер, кеңештин депутаттары активдүүлүгүн көрсөтүшүп, утуп алышты дейт. Айыл жергесине эң керектүү техника экен, эми Кара-Суу айыл аймагынын дыйкандарынын иши бир топ жеңилдейт”.
Жаз келип, дыйкандар жазгы сугатка даярдык көрүшүп жаткан убакта, трактордун пайдасын көрө башташты. Мурда кол менен тазалап жүргөн арык, каналдарды атайын трактор менен тазалап жатышат.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Дженбаева Насипа жетектеген кызматкерлери 2017-жылы активдүү иш-аракеттерди жасап, тургундарды уюштуруп, бир топ долбоорлорду ишке ашырышты, Ставропол айылына ФАП салынды, Кара-Суу айылынын мектебинин ашканасы капиталдык ремонттон өттү.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 28.05.18.