“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Чөп чабык

7 Июнь 2018 жыл 8:35
Көрүүлөрдүн саны: 88

Жайыл районунун дыйкандары чөп чаап кышка тоют камдай башташты. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставропол айылдарында беденин 1-чабыгы аяктап бара жатат.

Кара-Суу айылында дыйкандар беденин 1-чабыгын чаап, пресстеп жатышат. Түшүм, дыйкандардын айтуусу боюнча, ортодон жогору. Бир гектар жерден 150-200 ге чейин тү алып жатышат. Быйыл жаз суугураак болду ошого байланыштуу беденин өсүүсү анча эмес дешет айыл тургундары. Азыркы убакта айылдыктар беделерин чаап, кызылча иштетип, арпа, жугөрүгө дары чачып жаткан убагы. Кээ бир дыйкандар чөбүн үйгө жыйса, кээ бирлери базарга чыгарып сатып жаткан убагы. Жайыл районунда азыр чөптүн баасы, сапатына жараша, 50 сомдон 80 сомго чейин болуп жатат дешет, чөп сатып жаткандар.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 07.06.2018-жыл.