“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кызылчаны сугаруу башталды

22 Июнь 2018 жыл 8:29
Көрүүлөрдүн саны: 98

Чүй облусунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында быйыл дыйкандар 35-40 гектардай кызылча себишти. Азыркы маалда кызылчаны сугаруу кызуу жүрүп жаткан убак.
Айылдын тургундары Кумбашев Акыл жана Курманалиев Кенжебек өз жерлерине кызылча себишкен. “Кызылчабыздын чыгышы жакшы болуп жатат. Германиядан алынып келинген уруктан сепкенбиз. Эки жолу киши жалдап ототтук, селитра бердик. Эми болсо сугарып жатабыз. Суунун келиши жакшы. 3,5 гектар, кызылча айдалган, жерди сугарып жатабыз. Сугарганыбызга эки күн болду, буйруса эртең сугатыбызды аяктап, башка жумуштарыбызга киришебиз”,-дешет дыйкандар. Азыркы убакта суу кирип жаткан убак. Кара-Балта дарыясында суу көп, суу сактагычта суу арбын.
Даярдаган:Аширова Кымбат, 22.06.2018-жыл.