“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Балтадагы чөптүн баасы

23 Июнь 2018 жыл 22:21
Көрүүлөрдүн саны: 81

Жайыл районунун дыйкандары түктөлгон чөптөрүн Кара-Балта шаарына алып барып сатышат. Чөп саткан жай шаарга кире бериш жерде жайгашкан. Бул жай атайын райондун администрациясы тарабынан бөлүнүп берилген. Мына ушул жерден райондун дыйкандары даярдаган тоюту республиканын ар кайсы региондоруна сатылат. Кара-Суу айылынын тургундары да чөптөрүн ушул жерге алып барып сатышат, же болбосо талаадан эле сатып алуучуларга 60-65 сомдон берип жатышат. Ал эми алар болсо Кара-Балтага алып барып, 90 сомдун тегерегинде сатып жатышат. Айылда 1-чабык аяктап, дыйкандар беденин 2-чабыгына даярданып жаткан убагы.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 23.06.2018-жыл.