“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Аттестат тапшыруу аземи

24 Июнь 2018 жыл 9:55
Көрүүлөрдүн саны: 109

22-июнь күнү Кара-Суу орто мектебинде орто мектептин бүтурүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Аттестат менен бирге бүтүрүүчүлөр республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын сертификатын кошо алышты.
Быйыл Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебин 7 окуучу бүтүрдү. 22-июнь күнү мектептин директору-Алиева Нургүл жана мугалимдери окуучуларга аттестат жана тестирлөөнүн сертификаттарын тапшырышты. Класстын төрт окуучусу, жогорку окуу жайга тапшырабыз деп, республикалык тестирлөөгө катышышты. Алардын экөө-100 дөн кем балл алышты, ал эми эки бала 115 тен 125 ке чейин балл алышып, жогорку окуу жайына тапшырууга укуктуу болушту. Алар- Канусбеков Абылай жана Ишенбеков Ырыскелди. Ошентип, Кара-Суу орто мектебин аяктаган 7 баланын экөө жогорку окуу жайына контракттын негизинде тапшырууга укук алышты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада,23.06.2018-жыл.