“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Cуусамырдагы семинар

28 Июнь 2018 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны: 106

25-26-июнда Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү “Байтур” аттуу ден соолукту чындоо борборунда Кыргызстандын жамааттык маалымат каражаттарынын семинары болуп өттү. Бул иш чарага “Ак кептер” жамааттык мультимедиалык борборунун координатору Чакчагаев Султаналы катышып келди.
Мына ушул семинардын кандай өткөндүгү тууралуу айтып берүүсүн суранып биз “Ак кептердин” жетекчисине кайрылдык: “Кыргызстандын жамааттык маалымат каражаттарынын бул семинары Дойче Велленин каржылоосу менен өттү, аны Кыргызстандын жамааттык медиакаражаттарынын ассоциациясы өлкөбүздүн эң бир кооз жайлоолорунун бири Суусамырда, “Байтур” аттуу ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрдү. Бул иш чарага республиканын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областарында жайгашкан активдүү ЖМК лардын жетекчилери-координаторлору катышышты. Семинардын темасы: “Жамааттык маалымат каражаттарынын стратегиялык пландары”. Азамат Аттокуров жана Элмира Токтогулова деген тренерлер бул семинардын алып баруучулары болду. Алар координаторлорго жамааттык медиаборборлордун стратегиялык пландарын кантип түзүү тууралуу тренинг өтүшту. Катышуучулар Азамат Аттокуров жана Элмира Токтогулованын “Суусамыр FM” , “Бакай-Ата FM “ жана “Барскоон” жамааттык медиаборборунун стратегиялык пландарын иштеп чыгуусу тууралуу презентациясы менен таанышышты. Ар бир катышуучу өз медиаборборунун стратегиялык планын кантип түзө тургандыгы тууралуу кыскача практикумдар өтулдү. Тренингдин өтүүсүнө менен Дойче Велленин кызматкерлери Лидия Ранерт айым жана Михаэл Кархаузен мырза катышып, Кыргызстандын жамааттык маалымат каражаттарынын иши тууралуу өз ойлорун айтып кетишти. Бул,Суусамырдагы, семинар, менин оюмча, биз үчүн пайдалуу болот, окуп үйрөнгөндөрүбүзго таянып, медиаборборубуздун стратегиялык пландарын ийгиликтүү түзүп алабыз ”,-деди Кара-Суу айылында жайгашкан ЖМБ нын координатору.
Даярдаган: Курманалиев Кенжебек, 27.06.2018-жыл.Сынак үчүн.