“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ысык-Көлдөгү «Жайкы лагерь»

28 Июль 2018 жыл 23:08
Көрүүлөрдүн саны: 64

“Ак кептер” жамаатык мультимедиаборборунун ыктыярчы-журналисттери: Данияр кызы Назик жана Бексултанова Айгерим, Ысык-Көлдө, Дойче Веленин (DW) колдоосу менен уюштурулган “Мультимедиялык журналистика” аттуу “Жайкы лагерге” барып, мультимедиялык контенттерди түзүү үчүн онлайн куралдарды колдонууну үйрөнүп кайтышты. <img src="http://akkeptermedia.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/9/2018/07/IMG-20180728-WA0036.jpg» alt=»» width=»1040″ height=»780″ class=»alignnone size-full wp-image-2838″ /> Окуу 23-июлдан 27-июль күндөрү “Меридиан”пансионатында өттү. Жамааттык журналисттердин тренерлери: Акылбек Орозматов-КТРК, Айзада Калканбекова-“Суусамыр FM” радиосунун директору.
Данияр кызы Назик жана Бексултанова Айгерим бул окууга катышууга өткөрүлгөн конкурска катышып, тандалып алынышты.Назик менен Айгерим 5-класстан бери “Ак кептердин” иштерине катышып келе жатышат. 6- класстан баштап, волонтер болушкан, Дойче Веленин тренерлери өткөргөн далай окууларга катышып, аудио-фото жана башка репортаждарды чыгарышкан “Ак кептердин” алдыңкы волонтерлору.
Даярдаган:Курманалиев Кенжебек, 28,07,2018-жыл.