“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

1-Сентябрь

1 Сентябрь 2018 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны: 101

Бүгүн Кара-Суу орто мектебинде 1-сентябрга арналган иш-чара болуп өттү. Мектептин тегереги окуучуларга жана ата-энелерге толуп, Билим күнүнө арналган иш-чара эң кызыктуу өттү. Окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер бул күндү кызыктуу өткөрүштү. 1-класска келген окуучулар өзүлөрүнүн ыр дестелерин мугалимдерге, ата-энелерге жана мектебине арнашып, чакан концерт коюшуп, мектептин босогосун атташып, парталарга отурушуп, биринчи сабактарын өтүштү. Мектептин директору Алиева Нургүлдүн айтуусу боюнча: “Быйыл мектепте окуучулардын саны көбөйдү, 1-класска 14 окуучу, ал эми нулевой класска 25 бала келди, мындай көрсөткүч көп жылдан бери боло элек эле…”
Ошентип, 2018-2019-окуу жылы Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде дагы башталды.
Жаңы окуу жылыңыздар менен!
Даярдаган: Азаркулова Элина, 01.09.2018-жыл.