“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Беде урук жыйноо башталды

4 Сентябрь 2018 жыл 20:06
Көрүүлөрдүн саны: 131

Кара-Суу айыл аймагында 2 жумадан бери беде урук чабылып жатат. Кара-Суу айылында дагы, бедени урукка калтырган дыйкандар, түшүм жыйнай башташты. Айылдын тургундары Жекшеналиев Медербек жана Алиев Төрөбек айтуулары боюнча: “Быйыл беде урук жакшы, былтыркыга караганда түшүм жакшы болуп жатат, тургундар урукту комбайнга чаптырышып, кырманга, Ставрополовкага алып барышып тазалап, кээ бирлери айылдагы кырмандан эле тазалап алып жатышат. Биздин айылдын беде уругу республика боюнча эң бир сапаттуу уруктардан болот, ошондуктан Кара-Суу айыл аймагында өндүрүлгөн беденин уругу базарда суроо-талаптарды туудурат”.
Чүй областынын Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында өндүрүлгөн беденин уругу мекенибиздин ар кайсы региондоруна сатылат, жыл сайын айылдын дыйкандары бедени урукка калтырышып, беде урук алышат. Жыл өткөн сайын айылыбыздын фермерлери беде уруктун сапаттуу, түшүмдүү болушунун үстүндө эмгектенип келе жатышат. Ар кандай курт-кумурскалардан, отоо чөптөрдон жана башка оорулардан даарылашып, түшүмдү жогорулата башташты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 04.09.2018-жыл.