“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жакшы кабар

4 Сентябрь 2018 жыл 20:40
Көрүүлөрдүн саны: 114

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында ФАП (фельдшердик акушердик пункт) салына баштады. ФАП тын имараты Кара-Суу айыл аймагынын Женбаева Насипа жетектеген өкмөттүнүн администрациясынын жана айылыбыздын тургундарынын долбоорлор менен иштешинин бир чоң жетишкендиктери.
Мындай ФАПтын имараты Аймактын Ставропол айылында былтыр салынып, азыр иштеп жаткан учуру. Ошол убактан бери Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана Кара-Суу айылынын тургундары АРИС менен бирдикте айылыбызга ФАПтын имаратын салуу боюнча долбоордун үстүндө иштей башташкан. Ал ишти өкмөттүн башчысы Женбаева Насипа жетектеп, долбоорго активдүү катышышып, АРИС колдоп, эми минтип имарат салына башталды. Айылдын тургундары ыраазы, анткен отуз жылдай айылыбызда ФАПтын имараты жок болгондуктан, ФАП мектептин имаратынын бир бурчунда жайгашып келе жатат. Бул санитардык нормаларга туура эмес болгон. Имарат салганга каражат жок болгондуктан, Айыл өкмөтү ар кандай долбоорлор менен иштеп, чоң ийгиликтерге жетишти, биз бул жөнүндө көптөгөн репортаждарды чыгардык эле. Эми минтип айылыбизга, биз далай жолу жазган клубубуздун жанына ФАПтын имаратын салуу башталды, эң негизгиси – фундаменти куюлду. Айыл өкмөтүнүн Башчысынын айтуусу боюнча имарат ноябрь айында ишке берилет.
Даярдаган: Курманалиев Кенжебек, 04.09.2018-жыл.