“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Түшүм

14 Сентябрь 2018 жыл 19:08
Көрүүлөрдүн саны: 108

Кара-Суу жана Ставропол айылдарында беденин уругун жыйнап алуу уланып жаткан учур. Дыйкандар быйыл жакшы түшүм алып жатышат. “Быйыл айылыбызда беденин уругунун түшүмү жакшы болуп атат. Өз убагында сугаруу, 3-4 жолу дарылоо өз жыйынтыгын берип жатат. Биз болсо быйыл беденин бир гектарынан 700кг чейин түшүм алдык. Эки гектар калтырганбыз урукка. Камбайнерлор гектарына 2000 сомдон чаап жатышат. Урукту Ставраполовка айылына алып барып, тазалап, “пектустан” өткөрүп алдым. Уругум таза жакшы болду”, — дейт Кра-Суу айылынын тургуну Абылбаев Болотбек. Айылдын дыйкандары быйыл жакшы түшүм алышууда. Аба-ырайы дагы жакшы, дыйкандар бардык иштерин өз убагында бүтүрүшүп, маанайлары жакшы.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, 14.09.2018-жыл.