“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаңы долбоор

14 Сентябрь 2018 жыл 19:28
Көрүүлөрдүн саны: 64

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын тургундары менен бирге жаңы долбоор жазуунун үстүндө иштөөнү башташты. 12-сентябрда Кара-Суу айылында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тургундар менен чогулуш өткөрүшүп, айыл тургундарынына кайрылышып, “айыл элинин жашоосун жакшыртуу үчүн АРИС ке кандай долбоор жазсак”,-деп суроо коюшуп, ошонун үстүнөн тургундар менен талкуу жүргүзүшүп, долбоорду тандоонун үстүндө иштешти. Кээ бирөөлөр жолду оңдойлу дешти, кээ бирөө мектептин спортзалын оңдойлу, кээ бирөө суу түтүктөрүн жаңырталы деп жатышты. Бул суроолордун баарын карап чыгышып, кол көтөрүү менен мектептин спортзалын оңдоо боюнча долбоорунун үстүндө иштөөнү тандап алышты. Ошентип, долбоор АРИС тарабынан колдонуп калса, айылыбыздын мектебинин спортзалы оңдолуп, жаштарга да кышында жакшы болот эле, анткени айылыбыздын жаштары эс алуучу жайлары жок, мектептин спорт залына келип, спорт менен машыгып турушмак.
Даярдаган: Курманалиев Кенжебек, 14.09.2018-жыл.