“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Долбоор менен иштөө

25 Сентябрь 2018 жыл 22:19
Көрүүлөрдүн саны: 149

Жайыл районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бир топ жылдан бери ар кандай долбоорлор менен ийгиликтүү иштешип, чоң ийгиликтерге жетишип келе жатышат. Долбоорлор менен иштөөнү өкмөттүн төрайымы Дженбаева Насипа ар дайым өзү көзөмөлдөп, жаш кызматкерлерди долбоорлор менен иштөөнү үйрөтүп келе жатат.
Кара-Суу айылынын тургуну, айыл өкмөттүн иш-жүргүзүүчүсү Шабырбаева Мунара 2017-жылдан бери Кара-Суу айылында иштеп келе жатат. “Мен,Шабырбаева Мунара, 1982-жылы 14-декабрда Чуй облусунун Жайыл районунун Кара-балта шаарынын Кара-Суу айлында кызматкердин үй-бүлөөсүндө туулгам. 2007-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, “экономист-менеджер” деген кесипке ээ болдум. 2009-жылы Ленин районунун Молдовановка айлындагы 27-мекемесине мед-статист болуп жумушка кирдим. 2017- жылдан бери Кара-Балта шаарындагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө иш-жүргүзүүчү болуп иштеп келе жатам.Үй-бүлөөлүмүн. Жолдошум Шаршенбиев Рустембек 1979-жылы туулган. Кара-Суу айлында жеке менчик фермери. Уулдарым-Актан, Дастан Кара-Суу орто мектебинде окушат, кызым-Руслана –Кара-Суу айлындагы “Ботокөз булак “ бала-бакчасына барат. Айыл өкмөттө иштегенден бери долбоорлор менен иштегенди үйрөнүп келе жатам. АРИС тин долбоорлору менен көп иштеп жатабыз. Кара-Суу жана Ставрополовка айылындагы активдүү тургундардан команда түзүп, бир топ долбоорлорду ишке ашырдык . Мисалы: Ставропол айылына 2017-жылы ФАП салынды, Өнүктүрүү саясаты институтунун долбооруна ийгиликтүү катышып, айыл өкмөткө атайын техника (трактор) утуп алдык, Кара-Суу айылына ФАПтын имараты салынып жатат. Долбоорлор менен иштөөнү улантып жатабыз. Айылыбыздагы мектептин спортзалын ремонттоп алсак, жолдорубузду оңдосок жакшы болот эле. Ошолордун үстүндө иштеп келе жатабыз. Төрайым эжебиз Дженбаева Насипанын жетечилиги менен айыл өкмөттүн жаш кызматкерлери долбоорлор менен иштөөнү жакшы эле өздөштүрүп алдык. Келечекте бул ишти улап, Айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртсак деген ойдобуз,” — дейт Мунара Шабырбаева.
Ооба, бир нече жылдан бери Кара-Суу айыл өкмөтүнүн, Дженбаева Насипа жетектеген, кызматкерлери долбоорлор менен иштөөдө ийгиликтерди жаратып, райондо алдыда келе жаткан Айыл аймактардын бири.
Даярдаган : Данияр кызы Элиза, 25.09.2018-жыл.