“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектептеги күз майрамы

19 Октябрь 2018 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны: 113

Айылыбыздын дыйкандары акыркы түшүмдөрүн жыйнап жаткан чак. Азыр жүгөрү жана кызылчаны жыйнап алып жаткан маал. Аба ырайы дагы түшүмдү жыйнап алууну бир аз токтотуп койду. Айылыбызга жамгыр жана кар жаап талаа жумуштары токтоп турат. Ал эми мектепте мугалимдер менен окуучулар окуу жана тарбия пландарынын үстүндө иштеп жатышат.Кара-Суу айылынын орто мектебинде «Алтын күз» майрамы болуп өттү. Бул майрамды окуучулар абдан жакшы өткөрүштү. 5-11-класстардын ортосунда ар кандай конкурстар өтүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Балдар ар кандай интермедияларды жана күз жөнүндө ырларды аткарышып, бийлерди бийлешип, конкурс уюштурушту. Мектепте жайгашкан «Ак кептер» жамааттык медиаборборунун ыктыярчылары майрамдын өтүшүнө чоң жардам беришти. Ар бир класс бир жемишти тандап алып, ошол жемиш тен даярдалган тамактарды жасашып, конкурс өткөрүштү. Жюринин чечими менен 11-класстын окуучулары биринчи орунду алышып, «Алтын күз» майрамы аяктады.
Даярдаган: Азаркулова Элина,19.10.2018-жыл