“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жамааттык ЖМКларда кадрдык потенциалды жогорулатуу семинары

28 Октябрь 2018 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны: 83

Бишкекте, 27-28-октябрда, “Альпинист” мейманканасында “Жамааттык ЖМКларда кадрдык потенциалын жогорулатуу” аттуу семинары болуп өттү. Семинарды DW(Дойче Веле) Akademie жана Кыргызстандын Жамааттык медиакаражаттарынын Ассоциациясы өткөрдү. Семинарды тренерлер Дарика Аманбаева жана Аида Курбанова алып барышты. Семинардын катышуучулары – жамааттык медиаборборлордун координаторлору. Алар Кыргызстандын Баткен, Жала-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй обдасттарынан келишти. Катышуучулар бул семинарда “Ыктыярчылык”, “Ыктыярчы” деген негизги түшүнүктөр менен таанышышты, алар менен иштөөнүн негизги максаттары кандай, ыктыярчы кандай жөндөмдөргө ээ болушу керек, ыктыярчы үчүн техникалык тапшырма, ыктыярчыларды мобилизациялоо үчүн куралдар,каналдар деген темалар менен тренер Дарика Аманбаева тааныштырып, тренингди катышуучулар менен маек түрүндө, суроо-жооп түрүндө алып барып, кызыктуу презентацияларды өткөрүшүп, тренингди жогорку дэңгээлде өткөрдү. Экинчи күндүн тренингин Аида Курбанова өткөрдү. Ал киши катышуучуларды “Менеджмент деген эмне?” , “Башкаруунун негизги этаптары жана функциялары”, “Команда жана чечим кабыл алуу процесси”, “Кызматкерлердин иш-аракетин баалоо жана потенциалын жогорулатуу процесси” деген темаларын семинардын катышуучуларына түшүндүрүп, ар кандай стимулдук оюндарды жана презентацияларды катышуучулар менен бирге өткөрүп, тренингди кызыктуу, сапаттуу алып барды.
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев, 28.10.2018-жыл.