“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Улуу жазуучунун мааракесине арналган кече

1 Ноябрь 2018 жыл 15:41
Көрүүлөрдүн саны: 63

Кыргызстандын ар бир аймагында, ар бир мекемесинде, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган, ар кандай иш чаралар өткөрүлүп жаткан убак. 1-ноябрда Кара-Суу орто мектебинде да жазуучунун мааракесине арналган иш чара болуп өттү болуп өттү. Бул кечени 11-класстын окуучулары алып барышты. Балдар жазуучунун бир нече чыгармалары тууралуу билдирүүлөрдү жасашты. Анда окуучулар чыгарманын качан жазылганы тууралуу, эмне тууралуу экени жана ал чыгармалардын тагдырлары жөнүндө да кеченин катышуучуларына кенен айтып беришти. Кече “Ак кептер” жамаатык мультимедиа борборунун ыктыячылары тарабынан даярдалган, Чынгыз Айтматов тууралуу тартылган документалдуу тасмалар жана жазуучу тууралуу ырлар жана Айтматовдун “Ысык-Көлдү сагынуу” аттуу чыгармасына жазылган, Муратбек Бегалиевдин ыры менен коштолуп жаттты. Кечеге айыл тургундары,мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары катышышты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, Сатыбекова Медина, 01.11.2018-жыл.