“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ч. Айтматов балдар дуйнөсүндө

28 Ноябрь 2018 жыл 19:32
Көрүүлөрдүн саны: 121

28-ноябрда Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ботокөз булак” бакчасында “Чынгыз Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу семинарга райондун Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Арыков Талантбек , Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипа жана Жайыл районунун бакчаларынын директорлору катышы. ““Ботокөз булак” бакчасынын иштегенине 5 жыл болуп калды. Бул бакча БУУ (Бириккен Улуттар Уюмунун)нун жана ЕС тин (Европалык союздун) долбоору аркылуу, Кыргыз мамлекетинин жана айыл тургундарынын колдоосу менен ачылган бала-бакчалардын бири. Бакчанын жетекчиси Бекматова Айша, тарбиячысы Капсаламова Светлана бул бакчанын ачылышына салым кошкондордун бири. Беш жыл тарыхы бар бакча чоң ийгиликтерге жетишүүдө. 2016-жылы алдыңкы орундардын бирин алып, акчалай сыйлык жана Жайыл районунун администрациясынын Грамотасы менен сыйланган. Жайыл районунун билим берүү бөлүмү бакчанын коллективине ишенип, экинчи жолу райондук семинар өтүүгө “Ботокөз булак” бала бакчасына дайындады, анткени райондук масштабда семинарды алып баруу бул чоң жүк,”-дейт көп жылдан бери мугалим болуп эмгектенген Чакчагаев Султаналы. Бул семинардын максаты – балдарды жазуучунун балдарга арналган, балдар тууралуу жазылган саптары менен тааныштыруу, ошол чыгармалардын негизинде тарбия иштерин алып баруу. Бул жөнүндө бакчанын директору өз докладында кеңири токтолуп кетти. Балдар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып, ыр ырдашып, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу тартылган мультфильмдерди көрүштү. Семинарды өткөрүүгө айылдын “Ак кептер” мультимедиа борборунун ыктыярчылары жана жетекчиси чоң жардам көрсөтүштү. Семинар ийгиликтүү аяктап, бакчанын өткөргөн семинары “Эң жакшы” деген баага татыды.
Даярдаган: Сатыбекова Медина, 28.11.2018-жыл