“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кышкы жер айдоо

1 Декабрь 2018 жыл 21:49
Көрүүлөрдүн саны: 109

Кыш келди. Кар жаады. Бирок азырынча жерде тоң жок. Бул айыл тургундарына жерди айдап, жазгы талаа иштерине даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жайыл районунун Кара-Суу айылында дыйкандар жер айдап жатышат. Айылдын тургундары Керимкулов Сыдык жана Алиев Жаркынбек өз тракторлору менен жер айдап, элге кызмат көрсөтүп жүрүшөт. Биздин: “Кышында кантип жер айдап жатасыңар, тоң жокпу?”,-деген суроого, алар: “Быйыл суук боло электе кар жаап койду, ошондуктан суук болсо дагы жер тоңо элек. Бекер жатпай, жер айдап жатабыз. Жер ээлерине да жакшы болду. Бизге да жакшы анча-мынча акча таап алабыз. Азыр айылда бир топ дыйкандар жерлерин айдап, жазга даярданып коюшту”, — дешет, жер айдап жүрүшкөн дыйкандар. Кара-Суу айылынын дыйкандары быйыл жакшы түшүм алышты. Өзгөчө беде, жүгөрү жакшы түшүм берди. Ал эми айылда кызылча айдагандар быйыл аз болду.
Даярдаган: Курманалиев Кенжебек, 01.12.2018-жыл