“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Спорткомплекс болуп оңдолгон (клуб) кинозал

8 Декабрь 2018 жыл 0:20
Көрүүлөрдүн саны: 92

Жайыл районунун Кара-Суу айылынды ондогон жылдары иштебей турган кинозал айылдын жаштары жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн катышуусу менен ремонттолуп, айылдын жаштары спорт менен машыга башташты. Азыркы убакта айылда жумуш жок. Жаштар үчүн эс алуучу жайлар айылда жок эле. Айылдын балдары мектептин спортзалында волейбол ойношуп, кышкы күндөрдү өткөрүшчү. Эми болсо айылыбыздын жаштары, окуучулар спорт менен машыгуучу жай жасап алышып, кечкисин бекерпостук кылбай чогулуп алышып, машыгууларын өткөрүп жатышат. «Бул спорт жайды оңдоого айылдын 1990-1991-жылкы балдары активдүү катышышты. Айыл өкмөт, Айылдык кеңештин төрагасы Роберт байкебиз чоң жардам беришти. Балдар дагы аларды уят кылбай, мына ушинтип спорт менен машыгуучу жай жасап алдык. жакшы болду, балдар көчөдө бер баспай спорт жайыбызга келип машыгып жатышат»,-Какешов Адилет. Мына ошентип, бир топ жылдан бери иштебей келген имаратты жаштар демилге көтөрүшүп, спорт жай кылып оңдоп алышып,кыштын узун күндөрүн бекер өткөрүшпөй, ден соолуктарын чыңдап, кызыктуу өткөрүп жатышат.
Даярдаган: Курманалиев Кенжебек, 07.12.2018-жыл.