“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жугуштуу эмес оорулардын тобокел факторлорун алдын алуу

30 Декабрь 2018 жыл 22:40
Көрүүлөрдүн саны: 108

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде, атайын мугалимдер үчүн, “Жугуштуу эмес оорулардын тобокел факторлорун алдын алуу”деген темада семинар-тренинг болуп өттү. Семинарды райондун ден соолук комитетинин төрайымы Сулайманова Элмира өткөрдү.Айылдын медайымы айтуусу боюнча: “Жугуштуу эмес оорулардан: гипертония, диабет, алкоголизм жана онкология ооруларынан республикабызда аябай көп адам каза болот. Бул оорулардан каза болуу боюнча биз алдыңкы орундардын бириндебиз. Бул оорулардын алдын алса болот. Ал үчүн жүрүм-турумубузду өзгөртүүбүз керек, ошондо гана биз бул ооруларды азайта алабыз”,-деди Турсуналиева Венера. Бул семинарга мектептин мугалимдери катышты. Иш чара аябай кызыктуу өтүп, алып баруучуга жугуштуу эмес оорулардын тобокел факторлорун кантип алдын алса болуу тууралуу көптөгөн суроолор берилди. Ошондой эле мугалимдер бул тууралуу окуучулар менен класстык саатта атайын сабак өтүп, балдарды дагы жугуштуу эмес оорулардын тобокел факторлорун кантип алдын алса боло тургандыгы тууралуу тренинг өтүп, түшүнүк бериш керектиги тууралуу айтылды. “ Бул оорулардын алдын алуу үчүн биз жүрүм-турумубузду өзгөртө алсак гана, бул оорулардан арыла алабыз. Ошондуктан, биз балдарыбызды жаштайынан туура тамактанууга, алкоголдук ичимдиктерди колдонбоого, тамеки чекпөөгө жана физикалык көнүгүүлөрдү дайыма аткарып турууга тарбиялашыбыз керек. Бул ишти аткарууда мугалимдердин ролу чоң деп ойлойм, ошондуктан бул семинарды атайын мугалимдер үчүн өткөрүп жатабыз”,-деди Элмира Сулайманова.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 07.12.2018-жыл.