“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаңы жылга белек…

31 Декабрь 2018 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны: 76

Республикабыздын айылдарынын көчөлөрун жарыктандыруу маселелери акырындык менен ишке аша баштады. Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери жүрүп жатат. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа “Мына, бүгүн, 31-декабрь, Кара-Суу айылынын борбордук, Мураке, көчөсүнө 100 ваттык жарык берүүчү лампаларды Кара-Суу айыл өкмөтүнүн эсебинен орнотуп жатабыз. Фотоэффект кубулушу менен иштөөчү лампалар айылдын борбордук көчөсүн жарыктандырып, айыл тургундарынын жашоосун бир топ жеңилдетет. Бүгүн жыйырмадан ашык лампа коюлат, ал эми калгандары Жаңы жылдан кийин коюлуп бүтөт”. Үсөнканов Айылчы: “ Бул жарык берүүчү лампаларды койгону биздин айылдын тургундарына: кары-картаңдардын, жаш балдардын кечкисин көчө менен коркпой басуусуна бир топ көмөк берет. Азыр айылдарда иттер абдан көбөйдү, ошондуктан бул кечки жарык айылдын тургундарына абдан керек эле”. “Жылдын акыркы күнү, башка күнү эле орнотобуз”,- дебей “көчөнү Жаңы жылды тосоордун алдында, 31-декабрда, орнотуп жаткан айыл өкмөтүбүздүн кызматкерлерине чоң рахмат!”- дешет айыл тургундары: Жумалиев Каба, Мамбеткулов Туратбек, Мамбеткулов Эркинбек жана Чакчагаев Турсунбек. Айыл ичи жапжарык.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 31.12.2018-жыл