“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Эмгеги сиңген мугалим

19 Январь 2019 жыл 18:34
Көрүүлөрдүн саны: 206

Кыргыз Республикасынын мектептеринде мугалимдик кызматта негизинен аялдар эмгектенишет. Мисалы: Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 13 мугалимдин экөө кана эркек. Ал эки мугалимдин бири Азаркулов Нурадил. “Мен Кара-Суу айылында төрөлгөм. Айылдан 8-классты бүтүрүп, 10-11-классты Бишкектеги № 5-мектеп- интернатынан аяктагам. Окууну бүткөндөн кийин аскерге кызмат өтөп келдим. 1990 жылы Физкультура институтуна окууга кирип, аскердик кафедрасын аяктап, аскердик адистигине ээ болуп чыктым. 1994-жылы институтту аяктагандан кийин, Кара-Суу орто мектебинде бир жыл иштедим да, 1995-жылдан 1998-жылга чейин борборубуздагы Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайына ишке кирип, взводдун командири болуп, кызмат кылдым. Үй-бүлөлүк себептер менен айылга келдим. 1998-жылдан бери Кара-Суу орто мектебинде дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык боюнча сабак берип келе жатам. 2010-2015-жылдары мектептин директору болуп иштедим. Азыр болсо өз кесибим боюнча эле сабак берип, кызмат өтөп жатам. Жолдошум дагы мугалим, үч балабыз бар. Эки кыз бир эркек”,-дейт агай. “Мектептин кызматкерлеринин көпүлүгү аядар, сиздин оюңуз боюнчаэмне үчүн эркек мугалимдер аз?-деген суроого Нурадил агай: “Мен билгенден мектепте аял заты көп эмгектенишет, эркектер деле иштесе жакшы болоор эле, бирок эркектердин мектепте иштегиси жок, аз иштешет, айлыгы аз дешеби, же балдарды тарбиялоо жалаң эле аялдардын иши деп ойлошобу, билбейм?! “–деди Нурадил агай. “Азаркулов Нурадил агай көп жылдан бери мектебибизде дене тарбия жана АЧД(аскерге чейинки даярдык)сабагынан сабак өтүп келе жатат. Агайыбыздын балдарга жана коллегаларына болгон мамилеси жакшы. Балдар менен тил табыша алат, сабактарын жогорку дэңгээлде өтөт. Мектебибиз борбордон алыс болгонуна карабай райондук мелдештерге окуучуларды дайыма алып барып турат. Окуучулар агайын сыйлашат”,- деди мектептин мугалими Токтогулова Назира. “Нурадил Саткынбаевич мектепте көп жылдан бери эмгектенип келе жатат. Агайыбыз мектептин окуучуларына тогуз коргоол оюнун үйрөткөн биринчи мугалим болду. Балдарга кана үйрөтүп тим болбостон, мугалимдерге да, бул илгерки кыргыз оюнун үйрөтүп келе жатат. Агайыбыз балдарды тарбиялоодогу акыл насааттарын жаш мугалимдерге да айтып, айылдын жаштарын тарбиялоодо көп эмгеги сиңген адам”, деди башталгыч класстардын мугалими Абдрасулова Айниза. Азаркулов Нурадилдин балдарды окутуудагы жана тарбиялоодогу эмгеги бааланып, Кара-Суу айыл аймагынын жана Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн бир топ диплом жана грамоталары менен сыйланган.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 19-январь 2019-жыл