“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ботокөз булак» бакчасынын иштөө тартиби

23 Январь 2019 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны: 84

Ботокөз балабакчасы 2014-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жатат. Бала бакча Кара-Суу айылынын мектебинин бир тарабынан ачылган. Бакчанын штатында алты кызматкер бар.
“Биз 5 жылдан бери эмгектенип келе жатабыз. Бала бакчада балдардын саны 24. Биздин бакчанын күнтартиби төмөндөгүдөй: Бала бакча эртең мененки саат 8:00 — 5:30 чейин иштейт. Кышында балдар эртең мененки 8:30 дан кечки 5:30 га чейин бакчада болушат. Эртен мененки кабыл алуу: 7:45- 8:45 чейин. Эртең мененки кабыл алуудан кийин ата-энелер менен маектешебиз. Ал эми кабыл алуунун алдында балдарды медайым текшерет ооруп калдыбы, же ооруган жокпу деп, ооруса кабыл алынбайт. Балдар эртен мененки гимнастиканы жасашат. Эртен мененки тамактануу 8:30- 9:00. Сабакка даярдануу. Бала бакчада тайпа болгондуктан, орто тайпага 3-4 сабак 20 минуттан өтүлөт. Таза абада сейилдөө милдеттүү түрдө бала бакча аянтчасына алып чыгабыз. Жай мезгилинде балдар сырткы аянтчага ойношот. Кун суук болсо бала бакчанын ичине ойношот.Түшкү тамактануу 12:00 до. Түшкү уйку саат 14-30 чейин. Кошумча тамакатануу 15:00 до, андан кийин өз алдынча ойноо 20-30 минут. Саат 17-00 баштап үйүнө жөнөтүу,” – деди бакчанын жетекчиси Бекматова Айша. “Балдардын тамактануусу жакшы: күнүгө сүт азыктарынан жана витаминдүү тамак аштарды жасап берип турабыз”, — деди бакчанын ашпозчусу Жумагулова Ратха. Кара-Суу айылынын бакчасынын ишине айыл тургундары ыраазы. Колдорунан келишинче бакчанын ишине жардам берип келе жатышат.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, Болот кызы Нурзат, 23.01.2019