“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушу

25 Январь 2019 жыл 17:45
Көрүүлөрдүн саны: 180

Мектептерди китеп менен камсыз кылуу азыркы учурда билим берүү системасында чоң көйгөйлөрдүн бири. Бирок ошого карабастан бул проблема акырындап чечилип келе жатат.

      Okuuchulardyn kitep menen kamsyzdygy
«Быйыл Кара-Суу орто мектебинде бир топ окуу китептери жаңыланды. Мектептин китепканасына орус тили боюнча 5-6-класстарга жаңы чыгарылган китептер келди. Тарых боюнча китептер келип, китепканабыздын фонду бир топ толукталды, бирок дагы эле кээ бир китептер жетишпейт», — мектептин директору Насыранбекова Маруфат.
» Мен, Абдрасулова Айниза, Кара-Суу орто мектебинин литепканасында 4 жылдан бери иштеп келе жатам. Китептердин азыркы убукта абалдары жакшы. 2018-2019 окуу жылына карата
5-6-класстын китептери жаңы келди. Быйыл ар бир китепке арендалык акы 25сомдон төлөнүп жатат. 2017-2018-жылына карата башталгыч класстарга көп китептер келди. Класстарда англис тили, орус тили китептери толуктанды, андан тышкары тарых китептери келди. 2019-2020-жылга 7-8-класстарга жаңы китептерге буйрутма берилген. Мектептин фондунда 1755 окуу китептери бар.1-4-класска 326 китеп , 5-9-класска 450 китеп, 11-класска 89 китеп берилген», — деди мектептин китепканачысы. Ал эми мугалимдердин айтуусу боюнча «9-класска орус адабияты китеби, англис тили китептери жана башталгыч класстарга математика китептери жетишпейт».
Даярдагвн: Бексултанова Айгерим, Рысбеков Амангелди, 25.01.2019-жыл