“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жамааттык медиаборбор уюштурган конкурс

1 Февраль 2019 жыл 20:37
Көрүүлөрдүн саны: 254

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын орто мектебинде жайгашкан “Ак кептер” медиаборбору мектеп окуучулары арасында, “эс алуу минутасы” (физминутка) боюнча конкурс уюштурду. “”Эс алуу минуталары” – сабак өтүүдөгү мугалимдердин эң бир керектүү ыкмаларынынын бири, бөтөнчө “эс алуу минуталарын” мугалимдер башталгыч жана ортоңку тепкичтеги класстарда колдонуу пайдалуу, бул ыкма окуучулардын сабакты өздөштүрүүдө жана окуучулардын ден соолугун чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан, бул ыкманы сабактарда колдонуу эффективдүү натыйжа берет жана окуучулардын көңүлүн көтөрүп, сабакты улап кетүүгө чоң жардам “,-дейт мектептин мугалими Жумалиева Гүлмира. Сабактардагы “Эс алуу минутасынын” видеолорун “Ак кептер” даярдап, ар бир класс видеону тандап алып, даярданышты. 1-февралда ар бир класс өзүлөрү даярдаган “эс алуу минутасын” мугалимдерден турган жюриге тартуулашты. Бул конкурска мектептин бардык класстары катышышты. Конкурс аябай кызыктуу өттү. Жюринин чечими менен биринчи орунду 8-класстын окуучулары жеңип алышты. Окуучулар “Ак кептер” медиаборбору даярдаган сыйлык менен сыйланды.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 01.02.2019-жыл