“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

20-февраль — Эл аралык акыйкаттуулук күнү

19 Февраль 2019 жыл 13:11
Көрүүлөрдүн саны: 77

20-февралда дүйнө жүзүндө Эл аралык социалдык акыйкаттуулук күнү белгиленет. “Социалдык акыйкаттуулук – улуттук туруктуулуктун негизи”,- деп, Пан Ги Мун айтып кеткен. Мына ушул күнгө карата Кыргызстанда БУУ нун жана Европа Биримдигинин “Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак ниет башкарууну илгерилетүү” аттуу долбоору биздин мамлекеттин 30 муниципалитетинде ишке ашырылган. Бул Айыл аймактарынын ичине Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагы да кирген. Бул долбоордун максаты – “жарандардын, айрыкча калктын социалдык-аялуу катмарларынын – аялдардын, балдардын жана жаштардын Кыргызстандын жети облусундагыайылдык 30 муниципалитеттеринде башкаруунун жергиликтүү жана улуттук процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана ага жетишүү” болгон. Бул долбоор аяктап, Республикабыздын бир топ Айыл аймактарында, борборлордо жарандарыбызды тейлөө боюнча бир топ жаңылыктар киргизилди жана ошондой эле бул долбоордун максаттары акырындап ишке ашып келе жаткандай. Жарандарыбыздын жана ошондой эле жогор жакта иштеген чиновниктерибиздин мекенибиздин тагдыры жөнүндөгү ойлору акырындап өзгөрүп келе жаткандай. Бул долбоор боюнча айылызда Мультимедиаборбор, 24 орудуу бала бакча иштеп келе жатат. Бала бакчанын иштеши ата-энелерге бир топ эле жеңилдиктерди алып келди. Медиаборбор аркылуу тургундар өз-ойлрун айтып, аймагыбыздын иштерине катышып турушат. Бул күнгө арналган БУУ менен ЕС тин долбоору жарандарыбыздын өз мекенине болгон көз карашын бир топ эле өзгөрттү.
Даярдаган:Чакчагаев Султаналы, 19.02.2019-жыл.