“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мекен үчүн кызматта

19 Февраль 2019 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны: 76

23-февраль – Ата-Мекенди коргоо күнү. Мекенибиздин бардык аймактарында бул күн салтанаттуу белгиленет. Биз сиздерге 1970-жылдары биздин жаштардын аскерге кызмат өткөн жерлер тууралуу айтып берели деп чечтик. Бул жөнүндөгү суроолор менен биз айылыбыздын тургундарына кайрылдык. “Мен, Какешов Асылбек, 1960-жылы Кара-Суу айылында төрөлгөм. 1978-жылы аскерге чакырылдым. Аскерде Казакстандын Кызыл-Ордо областындагы Байкоңурда, Ленинск шаарында, Төрөтам деген станцияда куруучулардын батальонунда кызмат кылдым. Негизинен кызматыбыз ар кайсы площадкаларда өттү. Байкоңурду дүйнө жүзү билет, анткени бул жерден ар дайым космоско ракеталар учуп турат. Ал жерде кышкысын абдан суук, ал эми жайыында ысык. Биздин кызматыбыз негизинен куруучулук менен өттү. Площадкаларда үйлөрдү, казармаларды жана башка аскердик объектилерди курчубуз. Андан бери көп жыл өттү. Илгери СССР дин убагында жаш балдар аскерге тээ Чукоткада, Германияда кызмат өтүшчү. Азыр эмне, өзүбүздун республикабыздын аймагында эле кызмат кылышат”,-дейт Асылбек ата. Азыр айылыбыздын балдары чек ара бөлүктөрүндө, Улуттук гвардияда, ички иштер бөлүктөрүндө жана башка аскердик жайларда кызмат өтүп жатышат. Мисалы: айылыбыздын тургундары Сатыбеков Самудин менен Астаркулов Урмат Афганистанда кызмат өтүшүп, орден медалдар менен сыйланып кайтышты, Алиев Талгат айылыбызга жакын жердеги чек ара бөлүгүндө кызмат өткөн, Керимкулов Максат ички иштер бөлүгүндө кызмат өтүп жатат, ал эми Таштанов Элдос Ысык-Көлдө кызмат өтүп жатат.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, 19.02.2019-жыл.