“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаз келди

5 Март 2019 жыл 18:31
Көрүүлөрдүн саны: 85

Быйыл Чүй облусуна жаз эрте келди. Региондун дыйкандары жазгы талаа иштерин эрте башташты. Кээ бир дыйкандар себе турган буудай, апаларын сееп коюшту. Ал эми Жайыл районунун Кара-Суу айылында дыйкандардын көбү техникаларын оңдошуп, жер айдап жаткан кези. Айылдын тургуну Оңолбаев Нурдин да тракторун оңдоп, айдоону баштайын деп жаткан чагы. “Быйыл жазгы талаа жумуштары эрте башталды. Биз тракторубузду өңдоп бүттүк, анча-мынча жерлери калды, эртеңден баштап, айдалбай калган жерлерди айдап, арпа себели деп жатабыз. Калган жерге жүгөрү сепсекби деп пландап жатабыз, анткени жүгөрүдөн биздин жерлерден жакшы түшүм алса болот,”-дейт Оңолбаев Нурдин. Ал эми айылыбыздын тургуну Чакчагаев Кыдыралы тракторун өңдоп, азыр жер айдап жаткан чагы. “Жер жакшы айдалып жатат. Жумшак. Айдоонун маалы келиптир, топурак да жакшы түшүп жатат. Быйыл биз арпа жана жүгөрү айдайлы деп жатабыз, анткени тоют керек, артса калганын сатабыз. Планыбызда кызылча себүү да бар. Биринчи жер айдап алалы анан көрөбүз,” — деди Чакчагаев Кыдыралы. Мына, ошентип, жаз да келип, айыл тургундарынын иши башталып, талаада жер айдаган, сееп жаткан тракторлордун үнү жаңыра баштады.
Даярдаган:Бесултанова Айгерим, 05.03.2019-жыл