“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Майрамга арналган конкурс

7 Март 2019 жыл 21:20
Көрүүлөрдүн саны: 120

Алдыбызда Эл аралык 8-март майрамы келе жатат. Бул майрамга арналган иш-чаралар жүрүп жаткан учур. Кара-Суу айылында дагы мектептин окуучулары ушул күнгө арналган кызыктуу иш-чара өткөрүшүп, айылдын аялдарын, мугалим эжелерин, кыздарды 8-март майрамы менен куттукташты. Мектептин жогорку классынын окуучу кыздары эки командага бөлүнүп алышып, “Кана эмесе, кыздар!” аттуу конкурс-таймаш өткөрүштү. Бул конкурска айылдын тургундары катышып, ыраазы болуп кайтышты. “Балдарга рахмат. Мына ушинтип айылдын аялдарын куттукташканына. Аябай жакшы даярданышыптыр, азаматтар”,- дейт конкурстун көрүүчүсү Тамара чоң апа. “Мен дагы “Ак кептер” борборундагы иштегендерге рахмат айтып коюун дедим эле. Майрам жакында эле радиодон айылдын аялдарын куттуктап, ар кандай ырларды арнап берип жатышат. Жакшы. Угуп көңүлүң көтөрүлөт экен эшикте жаңырып турса”,-деди Букаматова Жаңылча. “Ак кептер” жамааттык борбору волонтер кыздарды майрамы менен куттуктап, эки кызга мегакоддун бирдиктерин тапшырды. Эртеңки Эл аралык 8-Март майрамы менен куттуктайбыз мекенибиздин аял заттарына ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 07.03.2019-жыл